Исхак Масалиев: «Ташиев өч алууга барат деп ишенгим келбейт. Бирок…»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө ушул жылдын май айында «бул Жогорку Кеңеште иштөө мүмкүн болбой калды» деп мандатын тапшырып кетип калган экс-депутат Исхак Масалиев маек берди. Ал бүгүнкү күндө болуп жаткан УКМК менен соттордун ортосундагы тиреш өч алуу болушу мүмкүн деп эсептейт. «Камчыбек Кыдыршаевич өч алууга барат деп ишенгим келбейт. Бирок башка себеп таба албай жатам. Анткени Камчыбек Ташиевди 2015-жылы учурдагы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутаттыкка талапкерликтен алып койгон. Албетте, бул тирештин негизги себеби бар. Өлкөдөгү 800 сотко карата эскертүү. Эң жогорудагы сотту коркутуп же камап коё алабыз. Биз айтканды кыласыңар дегендей коркутуу»,- дейт экс-депутат.

Маек толугу менен шилтемеде.