Исхак Масалиев: «Тенгиз Бөлтүрүк бир кездеги Данияр Үсөновду эске салды»

Мен өлкөнүн саясатынын жаңы жүзү — Тенгиз Бөлтүрүктү бир аз уктум. Ал мага Данияр Үсөновду аябай эске салды. Бул тууралуу саясатчы Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ошондой эле өзүнө ишенген, жөнөкөй адам уккусу келген нерсени ишенимдүү сүйлөйт. Баары жакшы жана оңой чечилгендей сезилет, бирок… Кош жарандыгы бар (анын механизми мыйзамда аныктала элек). Ошол эле учурда, ал өзү эч нерсе жоготпойт. Жалпысынан, Кумтөр боюнча чечимдер бир топ жакшы экендигин моюнга алышыбыз керек. Негизи акырына чейин чыдап, өздөрүн «булгап» койбосо экен. Маалымат үчүн — акциялардын баасынын өсүшүндө же төмөндөшүндө чоң акча табууга болот деп жаш кезибизде эле үйрөнгөнбүз», — деп жазды ал.

Тенгиз Бөлтүрүк — «Кумтөрдүн» директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү. Ал кеңештин мүчөлүгүнөн кеткенин кечээ, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди. Ошондой эле Акылбек Жапаровдун айтымында, анын талапкерлиги «Кумтөрдү» сырттан башкаруучу кызматына каралып жатат.

Данияр Үсөнов — Бакиев бийликте турганда, 2009-жылы Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. 2010-жылы 7-апрелде ал революцияга айланган массалык нааразычылык акциясына байланыштуу кызматынан кеткен. Маалыматтарга караганда, ал Улуу Британияга качып кеткен. 2017-жылдан бери Беларусь өлкөсүндө Даниил Урицкий деген ысым менен жашайт.