Теңгиз Бөлтүрүк деген жараныбыздын 1 миллиард сом зыян келтиргенин талкуулап жатабыз. 1 миллиард сом — бул 10 мектептин акчасы. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев билдирди.
«Башынан эле жарандык активисттер, депутаттар ишенбей турганын айтышкан болчу. Бизге «таза иштейт» дешкен. Таза иштейт деген Акылбек Жапаров да жоопко тартылышы керек. Анын ишенген кишиси уурулук кылса, ээси да жооп бериш керек. Ушул маселени карашыбыз керек. Ал башка мамлекеттин жараны, аны өзү айткан. Ал кол койгон келишимдерди да карап чыгышыбыз керек», — деди депутат.











