Исхак Масалиев УКМКга Белизгейт иши боюнча күбө катары чакырылган

Экс-депутат Исхак Масалиев УКМКга Белизгейт иши боюнча күбө катары чакырылган. Бул туурасында 24.kg агенттиги саясатчыга таянып жазды.

«2016-жылы Абдил Сегизбаев Белиздеги офшорлор тууралуу жана ага менин ошол кездеги кесиптештерим Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын тиешеси бар делген документтерди таратканда, бул документтер күмөндүү жана туура эмес деп ачык айтып чыккан саналуу депутаттардын катарында мен да болгом», — дейт Исхак Масалиев.

Саясатчы тергөөчү 9-мартта жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга каршы митингге катышкандыгына байланыштуу суроолорду бербегендигин кошумчалады.

УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге карата 2 кылмыш иши козголгон. Алардын бири Кой-Ташта жер тилкесин мыйзамсыз сатып алууга байланыштуу. Экинчиси Белизгейт иши боюнча ачылган. Учурда Абдил Сегизбаев УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.