Ишенбай Кадырбеков: «Биз Америкага рахмат айтышыбыз керек»

«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген саясатчы Ишенбай Кадырбеков АКШнын «кара тизмесине» Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жубайынын киргизилиши боюнча өз пикирин билдирди.

«Америка кошмо штаттарын мен филантроп мамлекет деп коём. Алар мамлекеттен элдин акчасын уурдаганга эч кимдин укугу жок дешет. Мына ушул философияны алар бүт дүйнөгө таратып келе жатышат, демократиялык принциптерди тараткандай эле. Райымбек Матраимовдун жана анын жубайынын «кара тизмеге» киргизилиши боюнча… Рахмат айткандын ордуна кайра биздин ички ишке кийлигишпегиле деп каяша айтып жатабыз. Ыя, айланайын, сүйүнбөйсүңбү?»,- дейт Ишенбай Кадырбеков.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.