Ишенбай Кадырбеков Садыр Жапаровдун сөзү тууралуу: «Ал кишинин өз абийирине койдум»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө бул ирет Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2005-жылы март окуяларында президенттин милдетин аткарган инсан, белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков конок болду. Ал Садыр Жапаровдун өзүнүн дарегине карата айткан «паракор, саткын» деген сөздөрүнө өз пикирин билдирди. «Эгер президенттик башкаруу болуп калса, анда мурдагыдай парламенттин уруксатын алып отурбай эле карматып жибериши мүмкүн деп мен келечекте шайланып келе турган президент тууралуу айтканмын. Ал (Садыр Жапаров) өзүнө алып, капаланып, саткын, тигиндей-мындай деген ыплас сөздөрдү айткан экен, эми ал кишинин өзүнүн абийирине койдум. Президент болоюн деген адам чыдамдуу болушу керек. Сын пикирге чычалабай, жини келбей, токтоо мамиле кылышы керек»,- дейт Кадырбеков. Саясатчы баасы милларддарды чапчыган кенди мамлекет башка өлкөлөргө сатпай өзү иштетиши керек деген позицияда.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрүңүз.