«Админресурс дээрлик колдонулган жок». Мындай билдирүү «Ишеним» саясий партиясы тарабынан таратылды.
«28-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо ийгиликтүү, таза өттү. Админресурс дээрлик колдонулган жок. Ооба, мүчүлүштүктөр болду, себеби бул шайлоо системасы эл үчүн дагы, талапкерлер үчүн дагы жаңылык. Эң негизгиси атаандаштык таза жүрдү. Шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо учурунда катталган айрым туура эмес аракеттерди бийлик алдын алып, бөгөт койду. Чет элден келген көз карандысыз байкоочулар дагы, айрым талапкерлер дагы дал ушул бааны беришүүдө. Өлкө башчы таза шайлоону камсыздап берди, ат салышууда ким жеңип, кимдин жеңилээри — элдин тандоосуна коюлду», — деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.
«Ишеним» саясий партиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 5 пайыздык чектен ашкан 6 партиянын катарында.