«Ишеним» партиясы добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонулган жок деп эсептейт

Добуш берүү учурунда депутаттыкка талапкерлердин номери боюнча жарандардын башы айланды. Бул тууралуу журналисттерге «Ишеним» партиясынын теңтөрагасы Рысбай Аматов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо системасы жаңы болгондуктан шайлоочулар бир аз кыйынчылыктарга туш болушту. «Бирок бул акыркы жылдардагы эң ачык шайлоо болду. Мыйзам бузууларды ЖМКдан гана көрдүк, бул адамдык фактор. Мурунку шайлоолор менен салыштырсак, анда административдик ресурс колдонулган эмес», — деди ал. 

Саат 22:00гө карата алдына ала жыйынтык боюнча, «Ишеним» партиясы 5 пайыздык босого чектен өттү.