Ишканаларды текшерүүгө тыюу салынды

Өкмөт укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салды.

Бул тыюу салуу өлкөнүн аймагында коронавирустун жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.

Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле пандемияга байланыштуу кабыл алынды.