БШК: Атазовдун мандат алышы Жогорку соттун чечимине жараша болот

Жакында эле башка кызматка дайындалган Искандер Гайпкуловдун мандатын алып, тизмедеги кийинки талапкер Шайлообек Атазовго өткөрүп берүү маселеси сот чечиминен кийин каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Кийинки тизмеде Шайлообек Атазов турат. Менин маалыматым боюнча Текебавдин мандаты боюнча маселе Жогорку сотто 24-февралда каралышы мүмкүн. Ошондой кийин мандат берүү маселеси чечилет”, — деди Бекматов.

Искандер Гайпкулов 9-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Гайпкуловдун кийин «Ата Мекен» партиясынын 2015-жылкы тизмесинде спортчу Шайлообек Атазов турат.