Искендер Матраимов: «Мен бир тууганымдын ак экенин билем»

Ош шаарында өтүп жаткан Райымбек Матраимовду колдоо митингине анын бир тууган агасы Искендер Матраимов дагы келип сөз сүйлөдү. Анын айтымында, ал 2017-жылдан бери унчукпай келген жана бийликке дагы, өкмөткө дагы инисинин ак экенин айткан.

«Менин айта турган сөзүм калган жок, мен бир тууганымды мактай албайм, аны эл мактасын. Мен бир тууганымдын ак экенин билем.

Инимдин соту болду, сот чечим чыгарды. Бирок ушуга дагы макул болбой, элди чыгарып, Матраимовду жок кылбасак болбойт деп чыгышты. Эл революциядан тажады, биз ушинтип жатып, башка өлкөлөрдөн он жылга артка кетип жатабыз.

Биз акыркы 3 жыл бою унчукпай жүрдүк. 2017-жылдан бери чыдап келдик. Акыры мен чыдай алган жокмун. Мен бийликке дагы, өкмөткө дагы инимдин ак экенин айттым. Мен кимдин ким экенин жакшы билем, Райымбек дагы акталып чыгат, бирок анда дагы эч ким ишенбей, Матраимовдор укук коргоо органдары менен сүйлөшүп алышты деп чыгышат», — деди ал.

Ал митингге чыккандардын баары өз каалоосу менен келишкенин, ошол жердеги тартипти сактап берген укук коргоо органдарына ыраазычылыгын билдирерин айтты.

«Мына ушул жерге чыккан бир дагы адамды Матраимов алып чыккан жок. Баары өз каалоосу менен чыккандар. Мен ушул жердеги митингге чыккандардын жоопкерчилигин алып чыктым. Эми ушул жердеги тартипти сактап берген укук коргоо органдарына ыраазычылыгымды бир туугандарымдын жана өзүмдүн атыман айта кетем», — деди Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.