Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов… Кимдер мандатын тапшырат?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-ноябрда Көлбаев-Матраимов «мафиясын» мамлекеттик жана саясий чөйрөдөн тазалоого катуу бел байлаганын жарыялады.

Ушуга байланыштуу жакынкы күндөрү айрым чиновниктер, депутаттар жана кезегинде «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке аттангандар отставкага кетерин өздүк булактарыбыз билдиришүүдө.