Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында Исламабаддагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркына (NASTP) барды.

Садыр Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты. Анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.

Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышты. Мамлекет башчысына учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров учкучтун кабинасына кирип көрдү. Адистер ага борттогу жабдуулар жана кыйраткыч учактын техникалык-эксплуатациялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.