Исмаил Исаков спикер Нурланбек Шакиев боюнча: “Президент кадр саясатындагы кемчиликтерин оңдоп жатат”

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков Нурланбек Шакиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы боюнча өз оюн билдирди.

Анын айтымында, Шакиев принципке турган адам болгондуктан, бул кызматта иштей алат.

Ал кемчиликти бетке айтат. Принципке турат. Министр болуп иштеген. Адамдар менен да, мамлекеттик органдар менен да тил табыша алат. Эл аралык абалдан кабары бар. Бул өтө маанилүү. Төрагалыкка шайлаганда, мен ичимден колдодум. Президент кадр саясатындагы кемчиликтерин оңдоп жатат. Анын Бакиевдин убагында иштегени эч нерседен кабар бербейт. Ал убагында президенттин кемчилигин бетке айтчу”,- деди ал.