«Июнь окуясын баштан-аяк, ийне жибине чейин менчелик билген башка адам жок». Келдибеков кандуу калабаны эске түшүрдү

«Июнь окуясын баштан-аяк, ийне жибине чейин менчелик билген башка адам жок». Бул тууралуу парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Мен 2010-жылы Июнь окуясы башталардан 3 күн мурда шайлоо иштери менен Ошко барган элем. 11-июнга караган түнү «Алай» меймканасынын жанынан өткөм. Бир топ адамдарды атайын багыттагы жоокерлер кубалап жүргөнүн, эки унаа өрттөнүп жатканын көргөм. Мен казинонун кесепетинен чыккан тополоң болсо керек деп койгом. Бирок түнү менен уктабай, шаар ичинде жүрдүм. Июнь окуясын баштан-аяк, ийне жибине чейин менчелик билген башка адам жок», — деди саясатчы.

Анын айтымында, Садыр Жапаров  менен Камчыбек Ташиев Ошко Бишкектен 12-июнда келишкен.