Жаӊы депутат парламентте ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеӊештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Эркин Жолдошалиев ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Абдумажит Юсуровдун ордуна келди.

Мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.