«Жабылат деген». Исмаил Исаков Ташиев менен Июнь окуясы боюнча жолукканын айтты

«Биз Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинин акырына чыгабыз, күрөшөбүз». Бул тууралуу саясатчы Исмаил Исаков «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Булардын мыйзам бузганын дагы бир жолу баса белгилеп коёюн. Бул жерде экс-президент Роза Отунбаева турат. Анын укуктук аянты биздикине караганда башкача. Булар ошону кошуп жатышат. Бул Башкы прокуратуранын мыйзамды одоно бузгандыгы. Ушинтип жатышса, кайсы мыйзамдуулукту күтөсүң. Анда макамын ал, анан иш козго да. Кимдин кандай мүлкү бар экенин баары билет да», — деди ал.

Ал ошондой эле иш козголгондон кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолуга электигин айтты. «Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кээде чогулуп турабыз. Убактылуу өкмөт эмес, Ташиев менен да бир-эки жолу сүйлөшкөм. «Жабылат» деген. Акыркы учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуу болбой калды. Биз дайыма чогулуп, сүйлөшүп турчубуз. Текебаев кетип калды. Бирок баары жакшы болот деген ишеним бар», — деди ал.