«Жакшы мамиледе болчубуз». Депутат Ташиев кесиптеши Сурабалдиеванын айыптоосуна жооп берди

Кечээ, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева коркутууларга туш болуп жатканын айткан.

Ошол эле учурда депутат Салык кызматынын башчысына кайрылып, «Кудайберген» базарында 2,5 ай текшерүү жүргөнүн айткан. «Текшерүү жүргөнүнө канча болду? 1 ай өттү туурабы? 1 айда сизди адашты деп УКМК сурадыбы? Эч ким тартылган жок. Сиз адаштыңызбы же Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси «Эльвира, сен Кемпир-Абадга каршы добуш бердиң, өзүңөн көр» дегенди кандай түшүнөйүн? Кечээ, Кудайдын куттуу күнүндө иш бөлмөсүнө чакырып, гүл берип, торт берип куттуктап, берген жооптору. Бир тууган иниси. Бул эмне дегендигин сурасам, «сиз каршы бербедиңизби» деди», — деген ал.

Депутат Шаирбек Ташиев журналисттерге Сурабалдиеванын айтканы боюнча комментарий берген. «Бир депутат мени коштоп, Эльвира Жыргалбековнаны [туулган күнү менен] куттуктап коюумду өтүндү. Иш бөлмөсүнө келсем, алар бар экен. Салам айтып, куттуктап, кеттим. Мени эл күтүп жаткан. Мен тараптан эч кандай коркутуу болгон эмес», — деди ал. Ошондой эле ал буга чейин Сурабалдиева менен жакшы мамиледе болгонун кошумчалады.