Жакында борбордук ТЭЦ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы ТЭЦ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Буга чейин мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электр энергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ТЭЦ-2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда. Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди ал. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ТЭЦ-2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды. Аны менен бирге, мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча Министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең борбордо анын баасы сезилерлик төмөндөйт.