Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев аткаруу бийлигин сынга алды

Кечээ, 22-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулушкан. Анда коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйүп бара жаткандыктан, бир катар чектөөлөрдү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад шааардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев аткаруу бийлигин сынга алды. “Кылып жаткан иштериңерди интернеттен көрөбүз, бирок жыйынтыгын көрө алган жокпуз. Эч нерсе кылган жоксуңар! Ошол үчүн вирус күчөп жатат. Сүрөткө түшкөндөн башка эмне жумуш жасаганыңар боюнча айтып бергилечи?” — деп сурады Тай-Мурас Ташиев.

Айдын башында Жалал-Абад облусунда бир сутка ичинде 20 адам коронавирус жуктуруп алган болсо, бүгүн 23-июндун статистикасы боюнча 60 адамдан илдет аныкталды.