Жалал-Абадда 100 орундуу облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имаратынын ачылыш аземи өттү

default

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имаратын ачты.

Оорукананын курулушу 2023-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Аталган медициналык мекеменин үч кабаттуу имараты 100 орунга эсептелген. Жаңы имаратта терапия, неврология жана “жасалма” бөйрөк бөлүмдөрү жайгашкан. Жалал-Абад облустук ооруканасы 435 керебет менен жабдылган, облустун бардык райондорунан 1,2 миллион калкы бар бейтаптарды жана 135 миң калкы бар шаар тургундарын кабыл алат жана тейлейт.

Президент курулушка жумшалган каражат 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен жүргүзүлгөнүн маалымдай кетти. Шаарды өнүктүрүүгө каралган каражат калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу, өндүрүш жайларын ачуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна жумшалды. Мындан башка мамлекет башчысы аталган 2 миллиард сом акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы заманбап имараты дагы курулду. Ал ошондой эле курулуп жаткан, көбү бүткөнү калган башка медициналык объектилер жөнүндө айтып берди. Андан соң президент жаңы имаратты кыдырып, гемодиализ үчүн орнотулган атайын жабдууларды көрүп чыкты, медицина кызматкерлери менен баарлашты.