Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеңештин депутаты, эк-вице-спикер Мирлан Бакировдун бир тууганы Төлөн Бакиров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, депутаттын иниси Төлөн Бакиров мурдагы кызматына байланыштуу кармалган. Ал буга чейин Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасын жетектеп турган убакта кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирген.
«2020-жылы март айында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын тендердик комиссиясы 1 көчөттүн 2600 сомдон сатып алуу боюнча сынак жарыялаган. Анын жыйынтыгында эң аз бааны сунуштаган жеке уюм жеңүүчү деп табылган. Бирок камсыздоочу компания сатып алуучулар менен алдын ала макулдашып алып, көрсөтүлгөн сорттогу көчөттөрдүн ордуна башка сорттогу көчөттөрдү алып берген. 1 көчөттүн баасы 742 сомдон айланган. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтирилген»,-деп билдиришти УКМКдан.
Учурда Төлөн Бакиров Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармалыгынын тергөө камагына киргизилген.
Белгилей кетскек, учурда Төлөн Бакиров “Кочкор-Ата” жылуулук менен камсыздоо муниципалдык ишканасын жетектейт.








