«Жалаң түштүк аймагынан болуп калыптыр». Жусупбек Коргонбай уулу комиссияны кайрадан түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия кайрадан түзүлөт. Буга комиссиянын курамына кирген депутаттардын түштүк аймагынан болуп калгандыгы жүйө катары айтылды.

Кечээ, 3-апрелде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.