Жалпы 19 партия. Дагы 4 партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн билдирме берди

БШКга «Ынтымак», «Азаттык», «Күч бирдикте», «Кыргызстан» партияларынан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Жалпы катышууну каалаган партиялардын саны 19га жетти. Алар: «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, «Жаратман Эл», «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» , «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү социалдык саясий партия», «Актив», «Ар-Намыс», «Бийлик элге», «Акыйкат Кыргызстан», «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы», «Ынтымак», «Азаттык», «Күч бирдикте», «Кыргызстан».

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.