Бизде Кумтөрдөн да кем калбаган Ала-Бука, Чаткал, Чоң-Алай, Кадамжай райондорунда алтын кендерибиз жатат. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, биз ушул алтын кендерибизди мамлекеттин пайдасына иштетсек, ар бир кыргызстандык бакубат жашоого жетишет.
«Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, бул жерлерде жүздөгөн фирмалар иштеп жатышат. Жүздөгөн лицензиялар берилген. Булар кимдер? Мамлекетке кандай пайда келтирип жатышат? Казып алынган заттар мамлекеттен ташылып кетүүдө. Эгер биз ушул алтын кендерибизди мамлекетибиздин пайдасына иштетсек, ар бир кыргызстандык бакубат жашоого жетишет. Алтын кендердин кожоюндары бүгүн Канада, Америка, Англияда отурушат. А бул жердеги аткаруучу директорлор менен иш алып барганда, алар эч нерсени билишпейт. Ошондуктан булардын чыныгы кожоюндарын чакырып, келишимди кайра кароо керек», — деди ал.