Жамгырчиев менен Байсалов комитеттин жыйынында кайым айтышты. Видео

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутаттар “Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 11-майындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматты укту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бак боюнча буга чейин да коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, ошол учурда Жогорку Кеңештин депутаттары реакция жасап, өз позициясын билдиргенин белгиледи. “Быйыл жазда президент Ботаникалык бакка барып, чечим кабыл алынган. Ботаникалык бак илимий институт катары калып, каражаттар бөлүнүп берилди. Учурда курулуш иштери биринчи секцияда башталды десек болот”, — деди ал.

Талкууда депутат Эмил Жамгырчиев Ботаникалык бак боюнча Жогорку Кенештин токтомунун бир да пункту аткарылбагы боюнча маселени көтөрдү. “Ботаникалык банкка бөлүнгөн каражаттар кыскартылган. Быйыл биздин фракция сырттан алып келип тиккен бактардын 30 пайызы куурап калды. Ирригация системасы жок, азыр ӨКМдин жана суу чарбанын унаалары менен ташып сугарып жатышат”, — деди депутат. Ошол себептүү депутат 2024-жылга Ботаникалык бактын кызматкерлеринин эмгек маянасын көтөрүү, токтомдун аткарылбаганы боюнча айрым кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу сунушун берди.