Жанар Акаев 39-протокол боюнча: «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келбейт деп ишендирем»

«Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келбейт деп ишендирем». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тараткан кайрылууда айтылат. Кечээ, 31-январда ал жетектеген парламенттик комитет журналисттерди чыгарып коюп, чек арадагы соңку чыр боюнча жыйын өткөрдү.

«Интернетте Баткендеги чек ара чыры боюнча «Ворух анклавына коридор берилет экен», «Лейлек анклавда калат экен» деген кабатырлануу болуп жатат. Бүгүн Эл аралык иштер боюнча комитет жабык эшик артында жыйын өткөрдүк, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана башкалар келип катышты. Жыйында айтылгандай, Ворух анклавына коридор берилбейт, Лейлек анклав болбойт, ал жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес», — деди депутат.

Жанар Акаевдин айтымында, кандайдыр бир протокол ишке кириши үчүн эки өлкө ортосунда келишим болот, ага эки мамлекеттин президенттери кол коёт. «Азырынча эки өлкөнүнүн президентинин кол коюу ниети тууралуу уга элекпиз. Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген эч кандай иш-аракет болбойт деп ишендирип кете алам», — деди депутат.