Жанар Акаев. Айылдан Ак үйдү көздөй…

“Чоң саясатка болгон кызыгуум, айылдагы аксакалдардын саясатты талкуулоосунан улам жаралган. Студент кезде Жогорку Кеңештин сессияларын калтырбай көрүп жүрүп ошол кызыгуу мени Жогорку Кеңешке алып келди”.

Бул тууралуу саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев СУПЕРТВ телеканалындагы “Бейне” теледолбооруна курган маегинде билдирди. Анын айтымында, саясатка, адилетсиздикке каршы күрөшүүгө болгон алгачкы кадамдары университетте окуп жүргөн кезинен башталган. Келечектеги депутаттын алгачкы көтөрүп чыккан маселелери «Студенттердин окуу үчүн төлөгөн акысы кайда кетет? Эмне үчүн окуу шарттары жакшыртылбайт? Эмне үчүн жатаканадагы абал жакшырбайт?» деген суроолор менен коштолгон митингдер болгон.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.