Жанар Акаев “Альянс” фракциясынын лидери болду

Бүгүн, 1-мартта “Альянс” фракциясынын жыйыны өтүп, анда аталган фракциянын лидерлигине Жанарбек Акаевдин талапкерлиги сунушталып, депутаттар бир добуштан колдошту. Бул тууралуу партиядан билдиришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.

Өткөн аптада “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган болчу.