Жанар Акаев: «Аялын сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт»

Бишкек ШИИББи 8-январда саат 13:30 чамасында «102» кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө чалуу түшкөнү боюнча маалымат таратты. Анда «К.Ж. аттуу жаран күйөөсү аны үйдө сабагандыгын көрсөтүп, милицияга жардам сурап кайрылган. Андан кийин ал Ж.А. аттуу күйөөсүнүн үстүнөн жазуу түрүндө арыз жазган», — деп жазылат.

Бул боюнча бир канча жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып, окуяда аты аталгандар депутат Жанар Акаев менен анын жубайы экенин жазып чыгышты. Көп өтпөй депутат социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазып, аялын сабады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

“Урматтуу достор, өзгөчө журналисттер! Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу дагы мүмкүн эмес”, — деп жазды ал.

Аны менен катар депутаттын жубайы да билдирүү таратты. “Менде баары жайында. Эч жакка арыз менен кайрылган эмесмин”, — деп жазган депутаттын жубайы.