Министрлер кабинети Бишкектеги «Манас» аэропортун жана «Ош» аэропортун тышкы башкарууга берүү үчүн түрктөрдүн анча белгилүү эмес компаниясына 39 жылга меморандум түзүүнүн алдында турат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирди.
«Биз 39 жылга аэропортторубузду тышкы башкарууга берип жатабыз. Муну кечээ Акылбек Жапаров айтты. Бул туура эмес. Анткени эч кандай сынагы жана тендери жок стратегиялык объектибизди бергени жатабыз. 2061-жылга чейин канча акча төлөп турабыз, ошонун баары жазылган каттар турат. Бийлик түрктүн компаниясына аэропортторду карматканы калды», — деди депутат.











