Жанар Акаев: «Бийликтегилер Матраимов менен «договорду» бузду»

Матраимов маселеси Садыр Жапаровдун жоопкерчилигиндеги маселе. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев СуперТВ телеканалындагы “Саясий коктейль” берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик Матраимов менен келишимди бузду.

“Матраимов маселеси түздөн-түз Садыр Жапаровдун жоопкерчилигиндеги маселе. Анткени ал аянтка чыкты да «камалат» деди. Кайра чыкты, «кайра чечим чыгардым мамлекетке акча туштү, камаштын эмне кереги бар деди» да. Эми аны уккан сот, прокурор президентке каршы чыга албайт. Бүттү бул маселени Садыр Жапаров чечти. Калганы шоу. Менин оюмча булар сүйлөшкөн. Чын эле казынага акчаны төктү. Сага тийбейбиз дешкен. Булар Матраимов менен “договорду” бузду. Булар сен мамлекетке акчаны төк, сага тийбейбиз дешкен. Тиги макул болуп төктү. Бул менин оюм, анан булар келишимди бузуп, аны кайра камашты”,- деди ал.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.