Жанар Акаев: «Бишкектин мэрин шаардыктар шайлашы керек»

«Альянс» фракциясы борбор калаанын мэрин шаардыктар өздөрү шайлашы керек деп эсептеп, тийиштүү мыйзам долбоорлорун өзгөртүүнү сунушташты. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев жазып чыкты.

«Мыйзам долбоор бүгүн коомдук талкууга коюлду. Биздин бул демилгебизди кесиптештерибиз жана президентибиз колдойт деп ишенебиз», — деп жазды ал.

Мыйзам долбоорун шилтемеден окуй аласыз.