Жанар Акаев: «Абдыгуловду кетирбешибиз керек. Улуттук банкты талкалап алабыз»

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагалык кызматынан Толкунбек Абдыгуловдун кетип жатышы боюнча бир катар депутаттар өз ойлорун билдиришти.

«Анарбек Калматов (ред. президенттин парламенттеги өкүлү), сиз президентке айтышыңыз керек. Биз Улуттук банкты талкалап алуу коркунучунда турабыз. Мына азыр эл аралык, абдан абройлуу каржы институттары дагы Абдыгуловдун кетишине кабатырланып жатканын билдирип жатышат. Анткени, чын эле ал кишини билесиз, жакшы иштеп келе жаткан киши эле. Депутаттардын пикирин эске алып, Абдыгуловду кызматтан кетирбешибиз керек», — деди Жанар Акаев.


Ал эми депутат Осмон Турдумамбетов Абдыгуловду угууну сунуштады. «Кесиптешим шектүү лоббисттер жөнүндө айтты. Улуттук банк көз карандысыз экономикалык жөнгө салуучу болуп саналат. Биз анын пикирин да угушубуз керек. Мындан эч нерсе өзгөрбөйт», — деди ал.