Жанар Акаев: «БШКнын сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмөнү талап кылабыз»

«Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, БШКнын сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алганын, тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керектигин жазып чыкты.

«28-ноябрда кечинде шайлоо босогосун алдын ала жыйынтык боюнча 10 партия басып өттү деген кабар чыккан учурда Алтынбек Сулайманов экөөбүз штабга келген журналисттердин суроосуна жооп бергенбиз. Ошондо бир нече партиянын Жогорку Кеңешке келгенин кубаттап, бул шайлоодо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу административдик ресурс колдонулбаганын, акча таратууларды да күч органдары мурдагы шайлоолорго караганда тыкыр көзөмөлдөгөнүн, бирок айрым партиялар түрдүү ыкма менен сатып алуу аракетин жасаганын белгилегенбиз. Бул партиянын атынан эмес, жеке интервью болгон. Ошондон бери кандайдыр бир билдирүү жасаган жокпуз, ошол учурдагы маектен үзүндүнү ар кандай өңүттө бурмалабаганга чакырам. Маектен көп убакыт өтпөй БШКнын сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алды. Анын баары тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керек! Бардык саясий күчтөрдү кол менен саноо процессине активдүү катышууга чакырам. БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмөнү биз да талап кылабыз!» — деп жазды ал.