Жанар Акаев: «Депутат болуунун баасы 10 миң доллардан 1 миллион долларга чейин»

«Депутат болуунун баасы 10 миң доллардан 1 миллион долларга чейин. Партияларга 1 миллион доллар акча берип депутат болом дегендер бар»,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде.

Анын айтымында, партияга кирүүнүн орточо баасы учурда 500 миң сом. Ал эми партияга бай ишкерлер бизнесин сактоо, коргоо үчүн киришет.

«Балким ал депутат болбосо, ошол 5 жылда анын бизнесин текшерүүчүлөр андан 2 миллион сом өндүрүп алышмак. Демек, 500 миңге бизнесиңе 5 жылга гарантия алдың деген сөз да»,- деди ал.

Мындан тышкары, ал бай депутаттар байлыгын Кыргызстандан чыгарып кетип жатканын айтты.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.