«Депутат Эмил Жамгырчиевди күч органдарынын кызматкерлери чек арадан өткөрбөй кармап, Бишкекке алып келишкен. Бул мыйзамсыз». Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.
«Биз муну Эмил Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Жамгырчиев боюнча 2018-жылы кылмыш иш козголуп, акталган. Бирок азыр ишти кайра жандантуу жүрүп жатат. Кечээ анын унаасынан жана үйүнөн видео, үн жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт», — деди ал.
Буга спикер Нурланбек Шакиев күч органдарынан дароо маалымат алганын, мыйзамсыздык да, кармоо да болбогонун билдирди.










