Жанар Акаев: «Эмил Жамгырчиевдин унаасынан жана үйүнөн видео, үн жаздыруучу аппараттар табылды»

«Депутат Эмил Жамгырчиевди күч органдарынын кызматкерлери чек арадан өткөрбөй кармап, Бишкекке алып келишкен. Бул мыйзамсыз». Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

«Биз муну Эмил Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Жамгырчиев боюнча 2018-жылы кылмыш иш козголуп, акталган. Бирок азыр ишти кайра жандантуу жүрүп жатат. Кечээ анын унаасынан жана үйүнөн видео, үн жаздыруучу аппараттар табылды. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт», — деди ал.

Буга спикер Нурланбек Шакиев күч органдарынан дароо маалымат алганын, мыйзамсыздык да, кармоо да болбогонун билдирди.