Жанар Акаев: «Жээнбековдун тушунда Атамбаев «экс» макамынан күч менен ажыратылган. Ошол өзүнө келет экен»

Жогорку Кеңеште экс-президенттерди айрым артыкчылыктарынан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып жатат. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген демилге көтөрүлүүдө. Буга башка депутаттар кандай карайт?

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаев күч менен макамынан ажыратылган. «Эми ошол өзүнө келет экен да. Депутаттар макул болуп, колдоп берет. Кийин дагы бирөө ажыратыш керек десе, ага да макул болот. Депутаттарды билесиңер да. Эгер президент элге кадыр-барктуу болсо мындай болмок эмес», — деди ал.