Жанар Акаев: «Жогору жактан эмне буйрук түшсө, ал сөзсүз аткарылат»

Жогору жактан эмне буйрук түшсө, ошол сөзсүз аткарылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, оппозициялык маанайда жүргөн депутаттардын добуш берүүгө келбей койгону аны таң калдырган.

«Депутаттар бир гана бийликтин сөзүн угуп, Баш мыйзамды регламентти одоно бузуу менен кабыл алды. Бул күтүлгөн эле окуя болчу. Мен үч президент, алты премьер-министр менен иштештим. Жогору жактан эмне буйрук түшсө ал сөзсүз аткарылат. Мында араң аткарышты. Каршы добуш берген депутаттардын саны 6 эле болуп калды. Мен ойлогом 15ке жетет болушу керек деп. Оппозициялык маанайда жүргөн депутаттар келбей койгону мени таң калдырды”, — деди ал.

Мындан тышкары ал, «макул» деп добуш берген депутаттар кийин ойлонуп калышканын айтты.

«Ак үйдөн чыкканда эки депутат алдыман чыгып, «силердики туура» дейт. Бизди «келип, добуш бересинер деп мажбурлашты» дейт. Чындыгында, депутаттардын 5 пайызы гана бул долбоорду колдойт”,- деди Акаев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.