Жанар Акаев: «Кантип ошол интернеттеги түшүнүксүз видео үчүн бийликти басып алуу аракети деген кине коюу мүмкүн?»

«Кантип ошол интернеттеги түшүнүксүз, сапатсыз видео үчүн бийликти басып алуу аракети деген кине коюу мүмкүн?». Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда депутат Жанар Акаев ИИМге сурак берүү үчүн келген учурда билдирди.

«Бул абдан таң калыштуу жана күлкүлүү. Ошол үчүн адамдардын, саясатчылардын тагдырын чечсе, түшүнүксүз. Мен күч органдары чоң катачылыкка жол бербесе керек деп ишенем. Азыр кирем (ред. ИИМге). Суракка чакырылышымдын себеби интернетке тараган видео. Азыр күбө катары чакырылдым. Мен суроолоруна так жооп бере алам деп айта алам», — деди ал.

Анын айтымында, бул окуя ал үчүн күтүүсүз болду. Анткени анын акыркы жолу Курсан Асанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү эсинде да жок.