Жанар Акаев: «Кара Суудагы тойго бүт чиновниктер, спикерлер да барган»

Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салдык.

 “Кара Суудагы тойго бүт чиновниктер, спикерлер барган. Тойго баргандык бул бажы кызматындагылар менен же болбосо андагы коррупциялык схемалар менен байланышы бар дегендик эмес. Райымбек Матраимовду сот күнөөлү деп тапса, демек ошого жараша жооп бериши керек. Ал эми эгерде күнөөсү жок болсо, аны да сот чечет”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев  SEREP MEDIA маалымат агенттигине.

Анын айтымында, Кара Суудагы тойго жергиликтүү бийликтин чакыруусу менен барышкан. Спорттук мелдеш, турнир жана 9-Май, Жеңиш күнүнө карата ветерандарды куттукттоо иретиндеги иш-чарага гана күбө болушкан.

Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.