Жанар Акаев: «Коалиция билим берүү министрин алмаштырганы жатат»

Депутат Жанар Акаев өкмөттө билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди кызматтан алып, анын ордуна Агрардык университеттин ректору Рысбек Нургазиевди талапкерлигин көрсөткөнү жатышканын билдирди.

«Көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дем менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу», — деп жазды Акаев социалдык тармактагы баракчасында.

Ал президент Садыр Жапаровду, өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковду жана вице-премьердин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиеваны чечимди терең ойлонуп кабыл алууга чакырды.