Жанар Акаев: «КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе иштеше берет»

Элде кандайдыр бир арман болсо, коррупциялык схеманы билсе, аны коомчулукка, бийликке жеткирүү үчүн КТРКга кайрылбайт. Мындай оюн бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, эл КТРК менен депутаттарга ишенбейт. Тескерисинче, жарандык журналисттерге кайрылып, ошолорго арманын айтышат.  «Ал эмес, эл депутаттарга да кайрылбайт. КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе иштеше беришет. Силер менен биз окшош эле. Ал жагынан сиздерге доомат жок. Ошондуктан жарандык журналисттер менен иштеш керек деп ойлойм», — деди ал.

Ал мындан тышкары, КТРК элге көбүрөөк шайлоо боюнча маалымат жеткириши керек экенин айтты.