Жанар Акаев: «Курсан Асанов тез арада бошотулушу керек!»

Курсан Асанов абакта адилетсиз отурат. ИИМди басып алган деп камакка алуу акыйкатсыз чечим. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал жетекчиси качып кетип башкаруусуз калган ИИМди дароо тартипке салган.

«Курсан Асанов адилетсиз түрмөдө отурат. Ал октябрь окуяларында коопсуздукту сактап, шаарды талап-тоноо, башаламандыктын алдын алууга эң чоң себепкерлердин бири. Азыркы бийлик генералды камагандын ордуна алкыш айтышы керек эле. Жетекчиси качып, башкаруусуз калган ИИМди дароо тартипке салды. Асанов баргандан кийин милиция ишке чыкты, абал жөнгө салынды. Ыктыярчылар да чоң салым кошту. ИИМди басып алган деп камакка алуу акыйкатсыз чечим болду, Асанов тез арада бошотулушу керек!»,- деди ал.