Жанар Акаев: «Министрлерди кармап, видеого музыка кошуп шоу кылганды качан токтотосуңар?»

Эгер министр пара талап кылып акча алган болсо, ал жазасын алышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Бирок музыка менен коштоп, жеке ишкер, министрлерди кармап шоу кылганды качан токтотосуңар? Билим берүү министри кармалган күндө да мамлекеттик саясат, идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен 100 миңдеген мугалимдин духу түштү. Кармалган күндө дагы кармап, видеого музыка кошуп чыгарбай эле, чакырып «пара талап кылдың, жумушуңан кет» десе болот да. Мугалим эми мектепке барып, кантип балдарга акыл үйрөтөт. Чакырып, түшүндүргүлө да. Элдин баары атайын жасалган деп жатат. Мугалимдерге сокку урдук», — деди ал.