Жанар Акаев министрликтерди кыскартууга каршы

Министрликтердин санын кыскартуу реформа эмес. Андагы бюрократияны жоюу — реформа. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү, 3-февралда өтүп жаткан жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Жыйында Акаев буга чейинки 10 премьер-министрге иш козголуп, 5 өкмөт башчы түрмөдө отурганын эске салып, Улукбек Мариповду элдин үмүтүн актаган, реформатор жетекчи болууга чакырды.

«Коррупция тамыр жайып, мыйзамсыздык күчөгөн маалда эл көтөрүлүп, бийликти алмаштырды. Бир жигит көз жумду. Ушул окуядан кийн сиз келип жатасыз. Эл азыркы бийликтен «кереметти» күтүп жатат. Ишеним кредити сиздерде. Ал эми өкмөттүн азыркы курамына болгон элдин нааразылыгы бар. Ак үйдүн кире беришинде да эл каршылыгын билдирип турат. Министрликтердин санын кыскартуу реформа эмес. Тескерисинче, текшерүүчүлөрдүн, салыктын түрлөрүн, бюрократияны жойгонуңарда реформа десек болот эле», — деди Акаев.