Жанар Акаев: “Өкмөт дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына өзү жазгандай таң кала турган маалыматты бөлүштү.

“Абанын булганышы менен күрөшүмүш болгон өкмөттүн чыныгы ниетин билишиңер керек! Бишкек дүйнө жүзү боюнча кара түтүн каптаган, абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Эми ошондон арыла албай, оору күчөп жаткан жаткан чакта, элдин саламаттыгына каршы дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатышат” дейт депутат.

Жанар Акаевге белгилүү болгондой, Экономика министрлиги Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну демилгелеген. “Министрлик Кыргыз мамлекети сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, »таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жатат. Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп” деп жазган депутат.