Жанар Акаев: «Тажикстандын соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таанышыбыз керек»

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу боюнча үн катты.

«Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таанышыбыз керек. Өзүм Оштомун, бирок Жогорку Кеңешке ушундай сунушумду жибердим. Бир эле убакта бир нече тынч жаткан айылдарыбызга, элибизге, аялдар, балдарга ок аткан, куралдуу кол салууну кескин айыптайбыз! Кечээтен бери жергиликтүү бийликтерге кол кабыш кылып, аскерлерге жана тургундарга гуманитардык жардам жиберүү менен алек болдук. Бүгүн ок атышуу токтойт деп үмүт кылдык. Бирок Баткендин Төрт-Көчөсүндө, эми Чоң-Алайда ок атып баштаганы булар алдын ала пландаган деген тыянакка ишендирет.

Биз бул жаңжалды саясий, дипломатиялык жол менен чечилишине кызыкдарбыз. Бирок бир топ убакыттан бери уланып келе жаткан чагымчыл аракеттерге өлкөбүздүн мыйзамдары жана эл аралык укуктук алкагында укуктук баа беришибиз керек деп ойлойм. Тынчтык эртерээк орносун, өз элинин өмүрүн ойлобогон, диктатор, агрессорлор сөзсүз жазасын алат деп ишенем!» — деп жазды ал.