4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга «Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Жанар Акаев эл Кемпир-Абаддын берилишине каршы экенин, жерибиз жана суубуз эч качан башка өлкөгө өтпөшү керек деген ойлорун айтканын билдирди. «Эл абдан ачуу сын-пикирлерин айтты. Президент «ушакка ишенбегиле, суубузду, жерибизди берип коюп, карап отургандай эл душманы белек» деди. Биз жөн гана барып, көрүп келдик. Эми 2-этап болот. Менин позициям чек ара акыры чечилиши керек. Зымдар тосулушу керек», — деди ал.